Редакцияот 09.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 9-июлу № 8

Чек айылынын тургуну Карабаева Айсалкындын арызын кароо жөнүндө

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

1. Чек айылындагы “Достук” эс алуу жайынын жер участкалары жана алдындагы муниципалдык жер аянттары, айылдык кеңештин жериндеги депутаттары, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, айыл башчы жана жер боюнча башкы адиси менен биргеликте тактоо жагы жүктөлсүн.

2. Чек айылындагы Достук эс алуу борборунун авто стоянкасынын жанынан Карабаева Айсалкынга 0,03 га жер аянты убактылуу мөөнөт менен ижарага пайдаланууга берилсин.

3. Муктаждык жаралса жер аянтын бошотуп берүү жагы А Карабаевага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жана жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

И.Абдыразак уулу