Редакцияот 15.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXX-сессиясы

2021-жылдын 15-январы № 7

Т Меңдибаевди жана Г Батыркулованы райондук сыйлыкка сунуштоо жѳнүндѳ

Ноокен районунун Ардактуу атуулуна жана райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасына атуулдарды кѳрсѳтүү жѳнүндѳгү маселени угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Чек айылынын айыл башчысы Меңдибаев Тургуналы Тѳлѳгѳнович кѳп жылдык эмгеги жана айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык ѳсүп-ѳнүгүүсүнѳ кошкон зор салымы үчүн Ноокен районунун Ардактуу атуулуна сунушталсын.

2.  COVID-2019 илдетин алдын алууда айылыбыздын тургундарынын ѳмүрүн сактап, элдин ден-соолугуна кам кѳрүү менен ѳз ѳмүрүн тобокелге салып, ак ниети менен эмгектенгендиги үчүн № 13-ҮДТнын мед айымы Батыркулова Гүлмира Курбаналиевна райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасына сунушталсын.

3.  Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

4.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж Субановага жүктѳлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Стамбаев