Редакцияот 15.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXX-сессиясы

2021-жылдын 15-январы № 8

Ноокен райондук ѳнүктүрүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жѳнүндѳ

Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин XXVII-чакырылышынын 40-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Момбеков айыл ѳкмѳтүнүн орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.

2.  Ноокен райондук ѳнүктүрүү фондуна тѳмѳндѳгү үч долбоор сунушталсын:

1)        Момбеков айылындагы жайкы базардын ордуна медициналык клиника куруу;

2)        Бизнес долбоор;

3)        Таштанды ташуучу техника 2 даана;

3.  Жогоруда аталган долбоорлордун долбоордук-сметалык документтери бүткѳндѳн кийин сметалык баасына жараша ѳздүк салымы жергиликтүү бюджеттен ажыратылып берилсин.

4.  Жогорудагы иштернин долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо жагы инвестицияларды тартуу боюнча башкы адистин убактылуу милдетин аткаруучу Н Осмоновго жүктѳлсүн.

5.  Долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жагы Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Тѳлѳновага жүктѳлсүн.

6.  Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

7.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу Т Эгембердиевге жүктѳлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Стамбаев