Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXII-сессиясы

2021-жылдын 19-февралы № 1

Жаңы ачылган шайлоо участкасына участкалык шайлоо комиссияларынын жана № 2195-Кыла шайлоо участкасынын курамын толуктоо жана курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн 02.02.2021-жылдагы № 01-05/03-сандуу катынын негизинде Момбеков айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж Суярованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 41-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Момбеков айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж Суярованын маалыматы эске алынсын.

2.  Курулуш айылына жаңы ачылган Курулуш шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиялары № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.  № 2195-Кыла участкалык шайлоо комиссиясынын курамына толуктоолор киргизилип, бекитилсин.

4.  Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж Суяровага жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Стамбаев