Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXII-сессиясы

2021-жылдын 19-февралы № 3

Бостон айылына мечит куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө

Архитектуралык генпланга ылайык жана мечитке даярдалуучу долбоордун жер аянтына дал келбегендигине байланыштуу Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 40-сессиясынын № 6-токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын 42-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

2.  Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 40-сессиясынын № 6-токтому жокко чыгарылсын.

3.  Бостон айылынын Проектириуемая (Ж Маматибраимов) көчөсүнө мечит куруу үчүн 585 кв.метр жер аянты ажыратылып берилсин.

4.  Мечитттин документтерин толугу менен даярдап бүтүрүү менен жашылдандыруу-көрктөндүрүү жана санитардык абалын кароо жагы Г. Эргешовго милдеттендирилсин.

5.  Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

6.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

Т. Стамбаев