Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXXXIII-сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 4

Момбеков айылынын борборуна медициналык клиника куруу жөнүндө

Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 43-сессиясы токтом кылат:

 

1.  Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитованын маалыматы эске алынсын.

2.  Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 38-сессиясынын 2-декабрь 2020-жылдагы № 7-токтому жокко чыгарылсын.

3.  Момбеков айылындагы муниципалдык менчиктеги жайкы базардын ордуна медициналык клиника куруу үчүн берилсин.

4.  Кабыл алынган токтом Аймак гезитине жарыялансын.

5.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары:

О.Нышанов