Редакцияот 14.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын II-сессиясы

2021-жылдын 14-майы № 1

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын шайлоо жөнүндө

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

1.  Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин бюджет жана финансы, социалдык маселелер боюнча, агрардык маселелер боюнча, мыйзамдуулук жана укук коргоо жана жаштар, спорт, инвестиция боюнча туруктуу комиссияларынын № 1-протоколдору бекитилсин.

2.  Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрайымы болуп Абдыкулова Жанаргүл жана катчысы болуп Бердибеков Азирет шайлансын.

3.  Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы болуп Сыдыков Таир жана катчысы болуп Осмонова Нагуль шайлансын.

4.  Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы болуп Молошов Дооронбек жана катчысы болуп Мамасейитов Тасмабек шайлансын.

5.  Мыйзамдуулук жана укук коргоо туруктуу комиссиясынын тѳрайымы болуп Сейитова Жамбила жана катчысы болуп Абдыкадырова Батма шайлансын.

6.  Жаштар, спорт, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы болуп Кыдыралиев Арген жана катчысы болуп Токсумаков Турат шайлансын.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

Абдыразак у. И.