МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III-сессиясы
2021-жылдын 4-июну № 1
Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 49-беренесинин 3-пунктунун негизинде Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы протоколуна ылайык Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын 3-сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А.Курманкуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Момбеков айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жѳнүндѳгү протоколу бекитилсин.
3. Момбеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 11 добуш алган Абдыжапаров Кадырбек Зулпукарович шайлансын.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | Абдыразак у. И. |