НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокен айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын IV-сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 5
Көчөгө ысым ыйгаруу жонүндө
Ноокен айылдык кеңештин депутаты А. Маматураймованын 2021-жылдын 21-июлундагы арызын карап чыгып, Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын IV–сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн Гагарин көчөсүнө Социалисттик Эмгектин Баатыры Саадат Ногоеванын ысымы ыйгарылсын.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы Ноокен айылдык Кеңешинин социалдык маселелер жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Мырзалимовго милдеттендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |