НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокен айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын IV-сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 6
Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын Уставын бекитип берүү жөнүндө
Коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын төрагасы Д. Абдуллаевдин 2021-жылдын 21-июлундагы арызын карап чыгып, Ноокен айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын IV–сессиясы токтом кылат:
1. CASA 1000 долбоорунун Ноокен айылдык аймагынын коомчулуктагы айылдардын инвестициялык ассоциациясынын Уставы бекитилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Г. Хакимовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокен айылдык Кеңешинин социалдык маселелер жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Мырзалимовго милдеттендирилсин.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Садыков |