НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXI-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 1
Ноокен айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин жана 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Ноокен айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын ХXI–сессиясы Ноокен айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Сулаймановдун айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматын угуп, талкуулап Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХXI-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Сулаймановдун айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-жылдарга долбору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2021-жылга бюджетинин долбору 2022-2023-жылдарга бюджетинин долбоору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары боюнча 2021-жылдын 6 айдын жыйынтыгы менен оңдоп түзөө жана толуктоолор жагы сунушталсын.
4. Ноокен айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга долбору №2 тиркемеге ылайык бекитилсин
5. Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каржат жүгүртүүсү 300,0(үч жүз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
6. Ноокен айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына калган калдыгы №3- тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын бюджетин укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 4-июнундагы №78- мыйзамынын 23-беренесине 2021-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебине 227,800 миң сомдук Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысынын резервдик фондусу түзүлсүн.
8. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц.фонд, чегерүү, тамак-аш чыгымдарына) жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
9. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин керешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрлиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Сулаймановко жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | Н.Муратов |