НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXI-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 3
Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо участкаларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХXI–сессиясы Ноокен айыл өкмөтүнүн жоопту катчынын милдетин аткаруучу А.Сооронованын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХXI-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн аймагындагы шайлоо участкаларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясына сунуш берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | Н.Муратов |