НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XXI-сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 4
Ноокен айыл өкмөтүнө келишимдин негизинде экономист-статист кызматчысын алуу жөнүндө
Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХXI–сессиясы Ноокен райондук Статистика бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусун угуп, талкуулап Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын ХXI-сессиясы төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Ноокен райондук Статистика бөлүмүнүн башчысынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Ноокен айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматына Нурбаева Асилкан сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ноокен айылдык кеңешинин төрагасы: | Н.Муратов |