Редакцияот 26.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы

2021-жылдын 26-августу № 2

Участкалык шайлоо комиссиялардын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин курамын бекитүү жөнүндө

Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссиялардын курамынын резерв талапкерлерди көрсөтүү жөнүндөгү жамааттардын протоколдорун карап жана талкуулап чыгып,”Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныны 19- беренесине ылайык,КР борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү Жобону жетекчиликке алып,Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары аяктагандыгына байланыштуу Cакалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2183,№2184,№2185,№2186,№2187,№2188,№2410 участкалык шайлоо комиссияларынын жаӊы курамына жана резервине жер жерлердеги жамааттар тарабынан сунушталган сапаттык курам бекитилсин.

2.  Участкалык шайлоо комиссияларынын резервинин сапаттык курамы боюнча толук маалымат Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнө жөнөтүлсүн.

3.  Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.

 

Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Нишанбаев