Редакцияот 12/07/2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 12-июлу № 2

Муниципалдык менчиктеги техниканын ижара акысынын тарифтик келишимин түзүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамыны 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:

 

1. Сакалды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги АРИСТИН демөөрчүлүгү менен сатылып алынган пресс таңгактоочу шаймандары менен Белорус тракторунун 2021-жыл үчүн ижара акысы 150 000 (бир жүз элүү) миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

2. Эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн сумма ижарачы тарабынан бекитилген мөөнөткө төлөнүп берилиши камсыздалсын .

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.

 

Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Нишанбаев