САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 12-июлу № 4
Жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамыны 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айылдык кенештин депутаты Д.Мурашевдин жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
2. Суугат суу тартыштыгына байланыштуу , эгиндерге суу жеткирип берүү жана Кыргызстан ,Чек айылдарын сугат суу менен камсыздаган скважиналарды жүргүзүү максатында Сакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюжетинен Чек айылына газон куруу үчүн ажыратылган 350 000 ( үч жүз элүү) миң сом акча каражатын толугу менен жана “Нурайым” бала бакчасына беседка куруу үчүн ажыратылган 200 000 (эки жүз) миң сом акча каражаты толугу менен жалпысы 550000(беш жүз элүү)миң сом каражат сугат суу скважиналарына насос жана керектелүүчү шаймандарды сатып алуу үчүн которулсун;
- Сакалды айыл аймагындагы Кормоцех айылындагы №152 скважинасына эсептегич жана шит алып берүү максатында М.Арзыкулов кѳчѳсүнѳ шагал тѳшѳѳ үчүн ажыратылган каражаттан 8000(сегиз миң) сом акча каражаты которулсун;
- Сакалды айылындагы Т.Бакыш кѳчѳсүндѳгү сугат суу скважинаны оңдоп түзѳтүү үчүн 25000( жыйырма беш) сом каражат Т.Бакыш көчөсүнө тротуар салуу үчүн каралган каражаттын эсебинен ажыратылып берилсин;
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл ѳкмѳттүн башчысы А.Осмоновго ал эми аткарылышын көзөмөлгө алуу Сакалды айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комитетинин төрагасы Ш.Масировго жүктөлсүн.
Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Нишанбаев |