Редакцияот 18.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXХIX-сессиясы

2021-жылдын 18-марты № 1

Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Ɵкмѳтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен жактырылган ”Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобонун II-бѳлүгүнүн 14-п ылайык, Ноокен районунун прокурорунун 2021-жылдын 2-мартындагы 11/1-6-316-21 сандуу талабын аткаруу максатында жана Бѳбүй айылынын жашоочуларынын атынан кайрылган арыз ээлеринин талаптарына негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXХIX сессиясы токтом кылат:

1.    Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин 2017-жылы ижарага берүү учурунда кетирилген кемчиликтерди жоюу максатында мыйзамсыз берилген деп Ноокен районунун прокуратурасы тарабынан аныкталган 95,8 га жер тилке кайрадан жарандарга тѳмѳндѳгүдѳй тартипте ажыратылсын;

- КРдин Ɵкмѳтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 сандуу токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу ” Типтүү жобонун талаптарын жетекчиликке алып,Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан аныкталган 95,8 га мамлекеттик фондунун жеринен 19га жер аянты айылдарга пропорцианолдык бѳлүү жолу менен аз камсыз болгон үй бүлѳлѳргѳ жана социалдык багыттагы субьекттерге түз жол менен берилсин (Чоң-Багыш айылы-4га,Нагдай айылы-10 га,Кыргызстан айылы-2га,Кагазды айылы-3га)

- калган 76,80га мамлекеттик фонддун жерлери кайрадан ачык аукционго коюлсун.

2.  Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Э.Исмаилов аукцион аркылуу бериле турган жерлер боюнча кечиктиргис чараларды алып барсын.

3.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комитеттин тѳрагасы А.Нишанбаевге жүктѳлсүн

 

Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы:

Д.Бекназаров