САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXХIX-сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 5
Жеке менчик жер тилкени муниципалдык менчикке кабыл алуу жѳнүндѳ
Кыргызстан айылынын Ы.Орозалиев көчөсүндөгү 8 а номурлуу жеке менчик Салимов Эламанга таандык 0,07га жер тилкесин Сакалды айыл өкмөтүнүн балансына муниципалдык менчикке алуу жөнүндө ѳзүнүн арызын карап чыгып, КРдин Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык Сакалды айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXХIX сессиясы токтом кылат:
1. Жаран Салимов Эламанга таандык 0,07га жеке менчик жер тилкеси Сакалды айыл ѳкмѳтүнүн балансына айыл ѳкмѳттүн муниципалдык жер тилкеси катары кабыл алынсын.
2. Тиешелүү документтерди даярдап берүү Ноокен райондук Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан ,”Кадастр” ММ Ноокен райондук филиалынан суралсын.
3. Аталган жер тилкени айыл ѳкмѳттүн муниципалдык менчиктер реестрине киргизүү боюнча жамаштарды аткаруу айыл ѳкмѳттүн башчысы Ш.Масировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комитеттин тѳрагасы А.Нишанбаевге жүктѳлсүн
Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы: | Д.Бекназаров |