Редакцияот 18.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXХIX-сессиясы

2021-жылдын 18-марты № 6

Жеке менчик жер тилкени муниципалдык менчикке кабыл алуу жѳнүндѳ

Кыргызстан айылынын Суу-Башы көчөсүндө жайгашкан жеке идентификациялык коду 3-04-08-008-0998 менен катталган жеке менчик Орозалиев Кыялбекке таандык жер тилкесин Сакалды айыл өкмөтүнүн балансына муниципалдык менчикке алуу жѳнүндѳгү К.Орозалиевдин ѳзүнүн арызын карап чыгып, КРдин жер кодексинин 18-беренесине ылайык Сакалды айылдык кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXХIX сессиясы токтом кылат:

 

1. Жаран Орозалиев Кыялбекке таандык Кыргызстан айылынын Суу-Башы көчөсүндө жайгашкан жеке идентификациялык коду 3-04-08-008-0998 менен катталган жер тилкеси Сакалды айыл өкмөтүнүн балансына айыл ѳкмѳттүн муниципалдык жер тилкеси катары кабыл алынсын.

2. Тиешелүү документтерди даярдап берүү Ноокен райондук Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан ,”Кадастр” ММ Ноокен райондук филиалынан суралсын.

3. Аталган жер тилкени айыл ѳкмѳттүн муниципалдык менчиктер реестрине киргизүү боюнча жумуштарды аткаруу айыл ѳкмѳттүн башчысы Ш.Масировго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комитеттин тѳрагасы А.Нишанбаевге жүктѳлсүн.

 

Сакалды айылдык кеңешинин төрагасы:

Д.Бекназаров