Редакцияот 27.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 3-9-4

Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн үнөмдөлгөн акча каражатын иштетүүгө уруктсат берүү жөнүндө

Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана мэриянын кайрылуу каттарынын негизинде, бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин жана депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин IX чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.  Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана мэриянын кайрылуу каттары, депутататрдын сунуштары эске алынсын.

2.  2021-жылы COVID-19 илдетине байланыштуу иштебеген бала бакчалардын тамак-ашынан үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 444700 (төрт жүз кырк төрт миң жети жүз) сом төмөнкү мамлекеттик сатып алуулар үчүн бөлүп берүүгө уруксат берилсин:

Ø  №1 «Эдельвейс» бала бакчасына электромеш сатып алууга 125,0 миң сом;

Ø  №8 «Акылай» бала бакчасына (БУУӨП-ПРООН) долбоору аркылуу тосмо курууга 75,0 миң сом;

Ø  №4 «Гнездышко» бала бакчасына мабель сатып алууга 244,7 миң сом;

3.  Бул токтомдун аткарылышы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Д.И.Караева) жүктөлсүн.

4.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

А.Киргизбаев