Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 3-9-5

Шаардын аймагына коюлуучу видеокөзөмөл камераларын сатып алуу жөнүндө

Кылмыштуулуктун алдын алуу жана болгон кылмыштын бетин ачуу максатында Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн 15.06.2021-жыл №28-01/1423 сандуу кайрылуу катынын негизинде, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеӊештин IХ чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнүн, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2.  Шаарда кылмыштуулуктун алдын алуу жана болгон кылмыштын бетин ачуу максатында 1 (бир) комплект «Tiandy» TC-H326S үлгүсүндөгү видеокөзөмөл камерасын сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70200 (жетимиш миң эки жүз) сом бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жүктөлсүн.

4.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын мэрине жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

А.Киргизбаев