Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 3-9-7

Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун (ЖДПБ) ички жолун асфальттоо жөнүндө

Майлуу-Суу шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 05.07.2021-ж. №01-06/189 сандуу (ЖДПБнун ички жолун асфальтто боюнча) кайрылуу катын талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Сыдыкова көчөсүнө жүргүзүлүп жаткан асфальт төшөө иштер менен катар Майлуу-Суу шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун борбордук дарбазасынан - кабыл алуу бөлүмүнө чейинки жалпы аянты 750 (жети жүз элүү) чарчы метр ички жолун асфальтоого уруксат берилсин.

2.  Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жүктөлсүн.

3.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекетик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэрине ( Н.Умаров) жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

А.Киргизбаев