Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 3-9-9

“Шаардын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 23.08.2021-ж. №01-14/1540 сандуу катынын, шаардык аялдар Кеңешинин кайрылуусунун жана 2001-жылдын 17-апрелинде Майлуу-Суу шаардык Кеңештин XXIII чакырылышынын X сессиясында бекитилген «Майлуу-Суу шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө жобосунун негизинде, шаардык кеӊештин социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин IX чакырылышынын III кезектеги сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык күнүнө карата Майлуу-Суу шаарынын өнүүгүүсүнө жана экономикасына кошкон зор салымы жана шаардагы коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн 2001-жылдын 17-апрелинде Майлуу-Суу шаардык Кеңештин XXIII чакырылышынын X сессиясында бекитилген «Майлуу-Суу шаарынын Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө жобосунун талаптарына ылайык төмөнкүлөргө «Майлуу-Суу шаарынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:

1.         Дарбишев Султан Акматович;

Майлуу-Суу аялдар кеңешинин мүчөлөрүнөн:

2.         Умарова Минабархан Каримжановна;

3.         Мурзаева Идаятхан Анарбаевна;

4.         Орозбаева Санабар;

2.  Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга жүктөлсүн.

3.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана-чѳйрѳнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (С.Кучурбаева) жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

А.Киргизбаев