МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы
2021-жылдын 29-марты № 13-8-1
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2021-жылга карата иш пландарын бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2020-жылга карата түзүлгөн иш пландарын угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин VIII чакырылышынын XIII кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2021-жылга карата түзүлгөн иш пландары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын жана шаардык Кеңештин 2021-жылга карата түзүлгөн иш пландары №1,№2,№3,№4 -тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык Кеңештин аппарат жетекчисине жана туруктуу комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн. Шаардык Кеңештин жана туруктуу комиссияларынын иш пландарына ылайык иш алып барылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы: | Б.К.Барбиев |
Тиркеме 1
БЕКИТЕМИН
Майлуу-Суу шаардык кеңештин
2021-жылдын 29-мартындагы
сессиясынын
№13-8-1 Токтому менен
Төрага:________ Б.К.Барбиев
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШТИН 2021-ЖЫЛГА КАРАТА ИШ ПЛАНЫ
№ | Иш чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптулар |
1 | IX чакырылыштагы мөөнөткотөрага жана мэрди шайлоо, регламентти бекитүү |
2-квартал |
Шаардык кеңештин аппараты |
2 | IX чакырылыштын депуттарынын курамын түзүү жана туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү. |
2-квартал |
Шаардык кеңештин аппараты |
3 | Турак жайлар, батирлерди приватташтыруу, жер жана жол боюнча комиссиясына мүчөлүккө IX чакырылыштын депуттарынан курамын бекитүү. |
2-квартал |
Шаардык кеңештин аппараты |
4 | 2021-жылдын биринчи жарым жылдык боюнча шаардык бюджеттин аткарылышын кароо маселеси жөнүндө | 3-квартал | Мэрия, ШКБ, Бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия |
5 | Майлуу-Суу шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы тарабынан аткарылган жумуштары жөнүндө | 3-квартал | МСКБ, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия |
6 | 2020-жылда канча жаранга батир берилгенин жана канча муниципалдык батир калгандыгын аныктоо жөнүндө |
3-квартал | Мэрия, ММБ жана өнөр-жай,транспорт, коммуналдыкчарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия |
7 | Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы мекемесинин 2020 жылы аткарган иштери боюнча отчетун угуу | 3-квартал | Өнөр-жай,транспорт, коммуналдыкчарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия
|
8 | Шаардык мекеме иш каналардын имараттарында, пандус перила орнотуу боюнча жүргүзүлгөн иштерди кароо |
3 -квартал | Мэрия, Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
9 | 2021-жылдын 2-3-кварталдарынын шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн тактоо жана аткаруу |
3-4-квартал | Мэрия, МСКБ, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия |
10 | Шаардагы коммуналдык мекеме ишканаларынын 2021-2022-ж.ж. күз- кыш мезгилдерине даярдыктарын кароо | 3-4-квартал
| Өнөр-жай,транспорт,коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия
|
11 | Шаарыбыздакоомдук коопсуздуктусактоо боюнча иш чараларды уюштуруу.Мектептерге баруу, окуучулар,студенттер менен иш алып барган инспекторлордун,диний кызматкерлердин маалыматтарын угуу |
3-квартал | Социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссия |
12 | Шаардык депутаттардын шайлоочулардын алдындагы отчету | 4-квартал | Шаардык кеңештин фракциялары |
13 | Арыз ,каттар боюнча иш алып баруу | 4-квартал | Шаардык кеңештин аппараты жана туруктуу комиссиялар |
14 | Депутаттардын наказдары жана алар тараптан коюлган маселелер боюнча чечим кабыл алуу |
4-квартал | Мэрия жана шаардык мекеме уюмдар |
15 | Ишкерлерди текшерүү боюнча МСКБ,СЭКБ ру менен бирдикте рейдтерди төмөнкү маселелер боюнча жүргүзүү: · Нан бышыруу жана сатуу боюнча санитардык,гигиеналык нормалардын сакталышын камсыздоо;
· Жалпы жеке ишкерлерди патент менен камсыздоо; · Сатуу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдө; · Сатылуучу товарлардын сертификаттарын көзөмөлдө; · Спирт ичимдиктерин сатууга уруксат берүү жагы тартипке ылайык аткарылышын контролдоо. |
4-квартал | Өнөр-жай,транспорт,коммуналдык чарба,энергетика,курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссия мэрия менен биргеликте, мэрия
|
16 | 2021-2022-окуу жылдарына, окуу жайларды жана мектептерди (китеп кана,муз.мектеп), шаардын саламаттыкты сактоо мекемелеринин күз кыш мезгилдерине даярдыктарын карап чыгуу |
4-квартал | Шаардык кеңештин депутаттары жана социалдык тармак,саламаттыкты сактоо,билим берүү,айлана чөйрөнү коргоо,диний иштери,регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясы |
17 | Жер алууга арыз жазган шаар тургундарынын арыздары кандай тартипте жүрүп жаткандыгын кароо | Дайыма | Өнөр-жай,транспорт,коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясы жана башка комиссияга мүчө болгон депутаттар
|