Редакцияот 11.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

2021-жылдын 11-июну № 2-9-2

Майлуу-Суу шаарынын жер тилкелерин топографиялык сүрөткө түшүрүү үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 11.05.2021-жылындагы №01-14/882 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ⅠⅩ чакырылышынын кезектеги ⅠⅠ сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Майлуу-Суу шаардык муницпалдык менчик башкармалыгынын башчысынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2.  Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин 29.03.2021-ж. №13-8-4 токтому менен бекитилген Майлуу-Суу шаарынын аймагында 2021-жылы аткарыла турган жумуштардын “Титулдук” тизмесинин 3-пунктунан 700,0 (жети жүз миң), 8-пунктунан 200,0 (эки жүз миң), 11-пунктунан 250,0 ( эки жүз элүү миң) жана 14-пунктунан 150,0 (жүз элүү миң) баардыгы болуп 1300,0 (бир миллион үч жүз миң) сом акча каражаты алынып, топографиялык сүрөт түшүрүү үчүн бөлүнүп берилсин.

3.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.  Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

А.Киргизбаев