Редакцияот 11.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

2021-жылдын 11-июну № 2-9-3

Майлуу-Суу шаардык билим берүү бүлөмүнө 50,0 (элүү миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн 20.05.2021-жылындагы №01-03/329 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин ⅠⅩ чакырылышынын кезектеги ⅠⅠ сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн (ШБББ) башкы эсепчисинин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

2.  Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүнүн бухгалтериясынын 1С программасын жаңылоого 50,0 ( элүү миң) сом акча каражатын ШБББнүн 2021-жылы үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен бөлүп берүүгө уруксат берилсин.

3.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4.  Бул токтомдун аткарылышы шаардык билимберүү бөлүмүнүн башчысы Д.Караевага жүктөлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана Майлуу-Суу шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин төрагасы:

А.Киргизбаев