Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) 27- кезектеги сессиясы
2019-жылдын 15-июну № 15
Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 15-июнь Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программасы тууралуу № 143 буйругун бекитүү жѳнүндѳ
Айыл тургундарын жер участок менен камсыз кылуу үчүн 2019-жылы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынын 9-беренесинин 7-пунктуна жана 12-беренесинин 3-пунктуна ылайык, жергиликтүү аймактын шартынын негизинде даярдалган турак жай куруу үчүн жер участокторун ажыратуу, турак жайга муктаж болгон үй- бүлөлөргө жер участокторун бөлүп берүү маселелерин чечүү максатында Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программа жана аталган Программаны аткаруу боюнча Иш чаралар 1-жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген иш-чараларды өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаны-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Имамов |
| Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) 27-кезектеги сессиясынын 2019-жылдын 15-июнь №15 токтомуна №1-тиркеме. |
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу тургундардын турак жай менен камсыз кылуу боюнча программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн
Иш чаралар
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ресурстар | Жооптуулар | Эскер- түү |
1 | Айылдардагы турак жай курууга муктаж болгон үй- бүлөлөрдүн тизмесин тактоо | 2019- жыл | Ресурс талап кылынбайт | М.Сабиров А.Махмудов А.Матисманов А.Яйлопов |
|
2 | Турак жай курууга муктаж үй-бүлөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү | 2019- жыл | Ресурс талап кылынбайт | М. Сабиров М. Махмудов А. Матисманов А. Яйлопов |
|
3 | Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо | 2019- жыл | Ресурс талап кылынбайт | Э. Эргашов |
|
4 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды берүү | 2019- жыл- | Ресурс талап кылынбайт | Э.Эргашов |
|
5 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттарында архитектуралык иш кагаздарын даярдоо | 2019- жыл | Жергиликтүү бюджет | Э.Эргашов М. Собиров |
|
6 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттарын жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү | 2019- жыл | Ресурс талап кылынбайт | Айыл өкмөтү |
|
7 | Турак жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкесинин өлчөмүн жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү | 2019- Жыл | Ресурс талап кылынбайт | Айыл өкмөтү |
|
8 | Турак жай куруу үчүн жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүүнү уюштуруу | 2019- 2020- жылдар | Ресурс талап кылынбайт | М. Сабиров А. Махмудов А. Матисманов А. Яйлопов |
|
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы |
А. Худайназаров |
| Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылышы) 27-кезектеги сессиясынын 2019-жылдын 15-июнь №15 токтомуна № 2-тиркеме. |
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Программасы
1. Киришүү
2. Программанын максаты жана милдеттери
3. Айыл тургундарын жер участогу менен камсыз кылууну иликтөө
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизимдери
5. Күтүлүүчү натыйжалар
1. Киришүү
Жаңы- Ноокат айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программа (мындан ары — Программа) Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабын аткаруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга берилет деп белгиленген.
Жаңы-Ноокат айыл аймагында азыркы күндө элдин саны 28 386 кишини түзөт. Жыл сайын жаңыдан үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, 2017-жылы 290, 2018-жылы 340, 2019-жылдын 6 айында 210 үй-бүлө курулган. Адам санынын эсебинен чоң кожолуктарда турмуш курган жаңы үй-бүлөлөрдүн саны эки жана үчкө жеткендиги, ар түрдүү себептер менен турмушу бузулуп кеткен үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугуна байланыштуу үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүгү жок айыл тургундарынын санынын артышы, жер участогун алууга мыйзам чегинде жеңилдиги бар айыл тургундары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн убакытта алардын саны 1370 кишиге жеткен.