Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отурумунун

2021-жылдын 29-октябры № 2

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

     Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидиновичтин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Сабыржанов Эркинбек Мэражидиновичтин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюжетине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин турак жай жана коммуналдык чарба 3111 беренесинен 370 000 сом акча каражаты мектеп жана бала бакчаларга жылдырып берилсин.

- Мектептерге 240 000 сом

- Бала бакчаларга 130 000 сом

 

2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев