Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отурумунун

2021-жылдын 29-октябры № 4

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларына карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидиновичтин жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Кадыровдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларына карата бюджетин бекитүү жөнүндө долбоорун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларына карата бюджетин кирешеси 766 018 сомго бекитилип ал эми чыгаша бөлүгү төмөнкүдөй бөлүнүп жумшалсын

- эмгек акыларга 410 250 сом

- социалдык муктаждыктар үчүн чегерүүлөргө 17,25% 70 768 сом

- сапар чыгымы үчүн 15 000 сом

- күйүүчү майларга 90 000 см

- башка товарларды жана кызматтарды сатып алууга 40 000 сом

- запастык бөлүктөрдү сатып алууга 110 000 сом

- ар түрдүү чыгымдарга (конц. Товар, хоз.товар, электро товар, картридж, ж.б. ) 30 000 сом

2. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев