Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отурумунун

2021-жылдын 29-октябры № 5

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Кадыровдун таза суунун тарифтерин бекитип берүү боюнча сунушун кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Кадыровдун таза суунун тарифтерин бекитип берүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Кадыровдун сунушу эске алынсын.

2. Таза суунун тарифтери төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

- Таза сууну короодон пайдалангандыгы үчүн 1 жанга 21 сом

- Таза сууну короодон пайдалангандыгы үчүн М3 га 30 сом

- Бюджеттик мекеме-ишканалар таза сууну короодон пайдалангандыгы үчүн бир жумушчу күнгө пайдалуу М2 га 0,30 сом

- Бюджеттик мекеме-ишканалар таза сууну короодон пайдалангандыгы үчүн

М3 га 40 сом

- Ооруканадагы бир койкага бир күнгө бир литр суу пайдаланат

1л * 0,60=0,60 сом.

Мектептер жана бала бакчаларга бир жанга 0,50 литр суу пайдаланат

0,50л * 0,60=0,30 сом.

- Коммерциялык ишканалар таза сууну короодон пайдалангандыгы үчүн

М3 га 45 сом

- Жалпы пайдалануучулар таза суу түтүгүнө кошулуу үчүн (1 жерден кошулуусуна ) 3000 сом болуп бекитилсин.

3. Жогоруда бекитилген тарифтер боюнча иш алып баруу жана отчет берип туруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Кадыровго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев