Редакцияот 29.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отурумунун

2021-жылдын 29-октябры № 6

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Кадыровдун таза сууга эсептелген карыздарын кыскартуу боюнча сунушун кароо жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Кадыровдун таза сууга эсептелген карыздарын кыскартуу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 7-сессиясынын кезектеги отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл окмөтүнө караштуу Дароот-Коргон жана Кызыл-Туу айылдарынын тургундарынын

- 2019-жылдын 1-январынан, 2021-жылдын 1-ноябрына чейин таза сууну көчөдөн ташып пайдаланган жергиликтүү тургундардын карыздары жоюлсун.

- 2019-жылдын 1-январынан, 2021-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта таза сууну короого киргизгендердин, короого киргизгенге чейинки аралыктагы таза сууну көчөдөн ташып пайдаланган мезилдеги карыздары жоюлсун.

 

2. Токтомду аткаруу жагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Кадыровго жана бухгалтери К.Абдиваитовго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев