ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 8-сессиясынын кезектеги отурумунун
2021-жылдын 11-ноябры № 1
Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштуу жайыт түрүндөгү жер аянтын, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Мамажакыпов Өскөнбай Кубатидиновичтин жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковдун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштуу жайыт түрүндөгү 3,0 га жер аянтын, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 8-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чон-Алай айыл окмөтүнө караштуу Түз кайрак участкасынын № 71 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан таштуу жайыт түрүндөгү 3,0 га жер аянтын, “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кааздарын бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Мамажакыповго жана жер адиси З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Мадалиев |