Редакцияот 11.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 8-сессиясынын кезектеги отурумунун

2021-жылдын 11-ноябры № 2

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан Чоң-Алай айыл өкмөтүнө берилген кызматтык авто унаасын Турак жай жана коммуналдык чарба муниципалдык ишканасына бекитип берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16-беренелерине ылайык Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Турак жай жана коммуналдык чарба муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 8-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан Чоң-Алай айыл өкмөтүнө берилген кызматтык ВАЗ 2121 авто унаасын Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн Турак жай жана коммуналдык чарба муниципалдык ишканасынын жетекчисинин жоопкерчилигине бекитилип берилсин.

2. Кызматтык авто унаанын техникалык абалын карап, оңдоо иштеринен өткөрүп максаттуу пайдалансын.

3. Токтомдун аткарылышы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповго жана Турак жай жана коммуналдык чарба муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровго милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев