Редакцияот 06.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин сессиясынын XXVIII чакырылыштагы

2021-жылдын 6-апрели № 123

“Бюджеттин калдыктары боюнча кошумча сметаны бекитүү жөнүндө”

“1001,3 миң сом суммасындагы бюджетке ылайык 2021 – жылдын 1-январына карата акча калдыгынын кошумча сметасын бекитүү жана аткаруу жөнүндө” айыл өкмөтүнүн чыгашалары боюнча башкы адиси Т.Нартаеванын маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин:

 

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Бюджеттеги акча калдыктары боюнча чыгымдардын кошумча сметасы 1001,3 миң сом суммасында кийинки бөлүмдөрдө бекитилсин:

 

70111 – Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдар: “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренеси үчүн – 200,0 миң. сом

 

70629 – Башка турак жай жана коммуналдык кызматтар: “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренеси үчүн – 221,3 миң сом

 

70921 – Орто билим: “Имараттар жана курулмалар” 3111 беренеси үчүн – 580,0 миң сом

 

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктөлсүн.

 

Александровка айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ягузов Ш.И.