АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин сессиясынын XXVIII чакырылыштагы
2021-жылдын 17-августу № 131
“Александровка айылдык кеңешинин 2018 – жылдын 20 – февралындагы №7 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”
Өндүрүш муктаждыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007 – жылдын 29 – июнундагы №1997-Ш. токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” типтүү жобонун негизинде III бөлүмдүн 21 – пунктуна ылайык
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Шамиль Арлиевич Исмаев айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Азиса Тилебалдиевна Капаева жер комиссиясынын катчысы болуп дайындалсын.
2. С.А.Ниязалиев өз ыктыяры менен комиссиянын курамында катышуудан баш тартуусуна байланыштуу жер комиссиясынын курамына айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Исмаев К.Ш. киргизилсин.
3. Жер комиссиясынын курамынан айылдык кеңештин депутаты М.К.Асанбаев чыгарылсын жана Беш – Көрүк айылынын башчысы Р.К.Мырзалиев жер комиссиясына киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктөлсүн.
Александровка айылдык кеңешинин төрагасы: |
Ягузов Ш.И. |