Редакцияот 05.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин сессиясынын XXVIII чакырылыштагы

2021-жылдын 5-октябры № 133

“Александровка айыл аймагынын 2021 – жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө”

Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын маалыматын угуп.

 

2021 – жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн тактоого байланыштуу, планды жогорулатуу зарыл: 11111100 статьясы Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы 1000,0 миң сомго, 11122200 статьясы Ыктыярдуу патент салыгы 300,0 миң сомго, 14152600 статьясы АЖМФ жерин ижара акысы – 200,0 миң сом. Жалпысы киреше жана чыгаша бөлүгүн – 1500,0 миң сомго жогорулатылсын.

 

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Киреше бөлүгүн жогорулатуу: 11111100 беренеси Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы 1000,0 миң сомго, 11122200 беренеси Ыктыярдуу патент салыгы 300,0 миң сомго, 14152600 беренеси АЖМФ жерлеринин ижара акысы – 200,0 миң сом. Жалпысы киреше жана чыгаша бөлүгүн – 1500,0 миң сомго көбөйтүлсүн.

2. Чыгаша бөлүгүн жогорулатуу: 31112320 беренеси Институттук имараттарды капиталдык оңдоо, Арли Арбуду атындагы ЖББнын чатырын алмаштыруу – 1500,0 миң сомго

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктөлсүн.

 

Александровка айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ш.И.Ягузов