Редакцияот 05.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин сессиясынын XXVIII чакырылыштагы

2021-жылдын 5-октябры № 135

“Совет №н/ж көчөсүндөгү Крупское айылында ФАПтын курулушуна макулдук берүү жөнүндө”

Александровка айыл өкмөтүнүн жеке турак жай, өзгөчө кырдаал жана жарандык коргоо боюнча жетектөөчү адиси Д.Хиязовдун маалыматын угуп, талкуулагандан кийин жана Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 беренесинин 3 – пунктунун негизинде

 

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Александровка айыл аймагына ФАПтын курулушуна макулдук бергиле: Крупское айылындагы, Совет көчөсүндөгү мурдагы ФАПтын (оорукананын) аймагында;

2. Александровка айыл өкмөтү жер тилкесине укуктук документтерди даярдап, АПШ, ИТШ жана башка архитектуралык – курулуш документтерин зарылдыгына жараша иштеп чыксын;

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктөлсүн.

 

Александровка айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ш.И.Ягузов