Редакцияот 05.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин сессиясынын XXVIII чакырылыштагы

2021-жылдын 5-октябры № 136

“Луговая №н/ж көчөсүндөгү Александровка айылында балдар аянтчасын жана медресени (руханий класс) жаңы имараттын түштүк - чыгыш бөлүгү “27га” курууга макулдук берүү жөнүндө”

Александровка айыл өкмөтүнүн жеке турак жай, өзгөчө кырдаал жана жарандык коргоо боюнча жетектөөчү адиси Д.Хиязовдун маалыматын угуп, талкуулагандан кийин жана Александровка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 беренесинин 3 – пунктунун негизинде

 

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Александровка айылы Луговая көчөсүнүн №н/ж, жаңы имараттын түштүк тарабы “27га”, Александровка айыл аймагында балдар аянтчанын жана медресенин (руханий класс) курулушуна макулдук бергиле;

2. Александровка айыл өкмөтү жер тилкесине укуктук документтерди даярдап, жана башка архитектуралык – курулуш документтерин зарылдыгына жараша иштеп чыксын;

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктөлсүн.

 

Александровка айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ш.И.Ягузов