Редакцияот 05.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Александровка айылдык кеңешинин сессиясынын XXVIII чакырылыштагы

2021-жылдын 5-октябры № 139

“Александровка айыл аймагынын 2021 – жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө”

Александровка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси М.И.Ягузанын маалыматын угуп.

 

Мамлекеттин пайдасына бурулган кирешенин келип түшүүсүнө жана 2021 – жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн тактоого байланыштуу, 2021 – жылдын IV кварталынын планын, кирешенин 14511100 “Мамлекеттин пайдасына бурулган киреше” беренесин түзүү жана көбөйтүү зарыл – 107,8 миң сом суммасында.

 

Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. 2021 – жылдын IV кварталы үчүн киреше бөлүгүн жогорулатуу: 14511100 “Мамлекеттин пайдасына бурулган киреше” беренеси – 107,8 миң сом.

2. Чыгаша бөлүгүн жогорулатуу: 31112320 “Институттук имараттарды капиталдык оңдоо” беренеси, Арли Арбуду атындагы ЖББнын чатырын алмаштыруу – 37,0 миң сомго; 31122210 “Механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу” беренеси, Октябрь ЖББ – 50,0 миң сомго; 22154900 – “Башка кызматтарды сатып алуу” беренеси – 20,8 миң сомго; жалпы чыгаша бөлүгүн – 107,8 миң сомго көбөйтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ш.Кайназаровго жүктөлсүн.

 

Александровка айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Ш.И.Ягузов