ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2021-жылдын 13-октябры № 13/6-5
Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 39000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын калкты жылуулук менен камсыздоо үчүн кетирген чыгымдарын компенсациялоо максатына багыттоого макулдук берүү жѳнүндѳ
2021-жылдын 11-октябрындагы № 1463/1-4 Токмок шаарынын мэри У.О. Самаевдин каттарынын негизинде, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 11-октябрындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен келген 39000,0 миң сом ѳлчѳмүндѳгү максаттуу трансферттерди, Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу “Токмок Жылуулук” МИсине, калкты жылуулук менен камсыздоодон улам тарткан чыгымдарын компенсациялоо үчүн, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511 беренеси боюнча багыттоого макулдук берилсин.
2. “Токмок Жылуулук” МИнин директору (Шамил уулу Тамерлан) тарабынан бөлүнгөн каражаттар так багыты боюнча колдонулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Тѳрага | Т.М. Сансызбаев |