Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токмок шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2021-жылдын 13-октябры № 14/6-5

Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруу жүргүзүүгө макулдук берүү жɵнүндɵ

Токмок ш. мэри У.О.Самаевдин 2021-жылдын 29-сентябрындагы №1395/1-4 жана 2021-жылдын 11-октябрындагы №1464/1-4 каттарынын, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен бюджеттик ассигнованиелерин “Имараттар жана курулмалар” 3111 беренесинен (№2 орто мектебинин аймагына кичи футбол аянтчасын куруу) - 150,0 миң сом жана (Токмок шаарында балдар аянтчаларын даярдоо жана орнотуу) - 470,8 миң сом тɵмɵнкү жумуштардын түрлөрүнө жылдыруу жүргүзүүгө макулдук берилсин:

- Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын “Имараттар жана курулмалар” 3111 беренеси №1 бала-бакчасынын отканасынын чатырын оңдоого 150,0 миң. сом суммасында;

- Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн “Көмүр сатып алуу” 2224 беренеси, 107,0 тн көмүр сатып алууга 470,8 миң. сом суммасында.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

 Т.М. Сансызбаев