КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кайыңды шаардык кеңешинин кайрадан түзүлгөн депутаттарынын биринчи уюштуруучу сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 4/I-4
«Кайыңды шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын түзүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу» мыйзамынын 32- беренесинин негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаардык кеңеши төмөнкү туруктуу коммиссиялардан турсун:
1) Бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы.
2) Турак жай, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы.
3) Социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы.
4) Эл аралык уюмдар, коомдук уюмдар жана инвестициялар менен иш жүргүзүү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы.
2. Туруктуу депутаттык комиссиялардын саны төмөнкү иретте бекитилсин:
1) Бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы-5 киши.
2) Турак жай, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы-5 киши.
3)Социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы-4 киши.
4) Эл аралык уюмдар, коомдук уюмдар жана инвестициялар менен иш жүргүзүү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы-4 киши.
3. Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
Бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамы:
1) Ракымбаев Женишбек Мэлсович-төрага
2) Кувандыкова Гульнара Дамировна
3) Джунушбаев Талантбек Ормонбекович
4) Егембердиев Урмат Каратаевич
5) Тилекеева Назгуль Бердигожоевна
Турак жай, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамы:
1) Мамыралиев Исмаил Казахович- төрага
2) Карабаев Тынчтык Кенжебекович
3) Комаров Андрей Александрович
4) Орозумбеков Жаныбек Анарбекович
5) Жамурзаев Самат Маратбекович
Социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамы:
1) Поцелуйко Марина Евгеньевна-төрага
2) Джумалиев Алтынбек Асылбекович
3) Насыпбек уулу Нурпайыс
4) Мирлан уулу Нурсултан
Эл аралык уюмдар, коомдук уюмдар жана инвестициялар менен иш жүргүзүү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамы:
1) Чоюбеков Нурзат Асылбекович-төрага
2) Башаханова Галина Владимировна
3) Таалайбеков Байтик Таалайбекович
4) Курманалиев Тилек Джамалбекович
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүнЧүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн .
Сессиянын төрагасы: | Мамыралиев И.К. |