КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 7-июну № 8/II-4
«Саламаттыкты сактоо бөлүмүн ачуу жөнүндө»
Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы жана үнөм бөлүмүнүн башчысынын малыматын угуп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу имаратты тейлөө үчүн, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесин жетекчиликке алып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттен каржылоо үчүн регионалдык казыналык кеңсесинде казыналык жеке эсеп ачууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Иманкулов Э.Т. |