Редакцияот 25.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 25-августу № 13/III-5

"Кайыңды-Сервис" муниципалдык ишканасынан колдогон юридикалык жактар, ишканалар, ишкер субъекттер үчүн ичүүчү суунун жана саркынды суулардын акысынын төлөө өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн “Юридикалык жактар үчүн ичүүчү суунун жана саркынды суулардын акысынын төлөө өлчөмүн бекитип берүү тууралуу”кайрылуусун карап чыгып, юридикалык жактар үчүн ичүүчү суунун жана саркынды суулардын акысынын төлөө өлчөмүнүн калькуляциясы менен таанышып көрүп, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Кайыңды шаарынын аймагындагы юридикалык жактар үчүн ичүүчү суунун жана саркынды суулардын акысынын төлөө өлчөмү төмөнкү тартипте бекитилсин:

 

- ичүүчү суу үчүн – 1 куб. м. -30 сом 60 тыйын

- саркынды суулар үчүн – 1 куб.м. - 26 сом 89 тыйын

 

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Ушул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу милдети бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

Иманкулов Э.Т.