КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 25-августу № 14/III-6
Кайыңды шаарынын аймагындагы юридикалык жактардын менчигинин түрүнө карабастан турмуш тиричилик калдыктарын (ТТК) чыгаруу жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын катын карап чыгып, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын аймагында турмуш тиричилик калдыктарын (ТТК) чыгаруу өндүрүш жана өнөр жай мекемелер үчүн ай сайын төлөмү;
1.1 1 контейнерден – 5 контейнерге чейин – 4000 сом,
6 контейнерден – 10 контейнерге чейин – 8000 сом.
2. Кайыңды шаарынын аймагында турмуш тиричилик калдыктарын (ТТК) чыгаруу үчүн бюджеттик мекемелерге жана соода түйүндөрүнөн, коомдук тамактануу түйүндөрүнөн, дарыканалардан, ветеринардык дарыканалардан жана калкка тиричилик кызмат көрсөткөн жеке адамдар үчүн ай сайын төлөмү;
2.1 25 м. кв. чейин - 135 сом, 25 м.кв. - 50 м.кв. чейин – 270 сом, 50 м.кв. - 100 м.кв. чейин – 540 сом, 100 м. кв. жогору – 1000 сом тарифи бекитилсин.
3. Кайынды шаардык кеңешинин № 116/ XXXIV – 5 2019 – жылынын 16 – декабрындагы токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайынды шаардык кеңешинин жер жана турак-жай маселелери боюнча депутаттарынын туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Иманкулов Э.Т. |