Редакцияот 25.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 25-майы № 16/III-8

Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө

“Жумадил” жоопкерчилиги чектелген уюмунун “Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифин бекитип берүү жөнүндө” кайрылууларын, №334 “Бишкек-Кайыңды, №329 Кара-балта- Кайыңды багыттары боюнча каттамдардын жүргүнчүлөрдү ташуудагы өздүк наркын карап чыгып, аталган багыттар боюнча каттамдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “ “Автомобилдик транспорт жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1. Кайынды шаарынын аймагынан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук автоунааларга (маршруттук таксилерге) тарифтер төмөнкү тартипте бекитилсин:

      - Маршрут 334 “Кайыңды-Бишкек” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 80 (сексен) сом ;

      - Маршрут 329 “Кайыңды-Кара-Балта” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 30 (отуз) сом;

2. 2019-жылдын 05-мартындагы №94/ХХVIII-2 токтом жокко чыгарылсын.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Иманкулов Э.Т.