ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2021-жылдын 18-ноябры № 28/8-28
«Кемин Келечеги» коомдук фондунан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровдун «Кемин Келечеги» коомдук фондунан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, ошондой эле Орловка шаардык кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 16-ноябырындагы чечимин эске алып, Орловка шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кемин Келечеги» коомдук фондунан келип түшкөн 1000,0 миң сом өлчөмүндөгү каражатты төмөнкү максаттарга бөлүштүрүүгө макулдук берилсин:
- Суткалык жөнгө салуу бассейнин (БСР) жана Орловка сугат системасын оңдоо жана тазалоо – 750,0миң сом;
- М.Мамыралиевага материалдык жардам – 50,0 миң сом;
- «Кристалл» спорт комплексине эмерек сатып алуу үчүн – 200,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.
Төрага | М.И.Токтакунов |