Редакцияот 18.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2021-жылдын 18-ноябры № 31/8-28

Орловка шаары, Биринчи деген көчөсү дарегиндеги номерсиз жер тилкесин Орловка мэриясынын балансына алуу жөнүндө

Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровдун «Орловка шаары, Биринчи деген көчөсү дарегиндеги номерсиз жер тилкесин Орловка мэриясынын балансына алуу жөнүндө» кайрылуусун карап жана талкуулап жана Орловка шаардык кеңешинин туруктуу жер комиссиясынын төрагасы – Б.М.Шакировдун корутундусун эске алуу менен, Орловка шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орловка шаарынын Биринчи деген көчөсүндөгү н/ж дарегинде (№21 дарегинин маңдайында жайгашкан) аянты 2 га жер тилкеси Орловка мэриясынын балансына кабыл алынсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Орловка шаарынын мэри - Б.А.Чанчаровго жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов