Редакцияот 18.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Орловка шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2021-жылдын 18-ноябры № 32/8-28

Орловка шаарынын мэриясынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду (ГФСУ) жерлеринин перспективдүү планын бекитүү

Орловка шаарынын мэриясынын жерге жайгаштыруу жетектөөчү адиси – Т.Н.Темиркановдун жана туруктуу жер комиссиясынын төрагасы – Б.М.Шакировдун айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык «Орловка шаарынын мэриясынын айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фонду (ГФСУ) жерлеринин перспективдүү планын бекитүү жөнүндө» кайрылуусун карап жана талкуулап, Орловка шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орловка мэриясынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду (ГФСУ) жерлеринин перспективдүү планы бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Орловка шаарынын вице мэри – К.Ч.Мамаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

М.И.Токтакунов