Редакцияот 08.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 8-сентябры № 17/V-28

«Ысык-Ата өнүктүрүү фондунун долбоору боюнча Люксембург айыл аймагынын машыгуу аянтчасынын түзмөгүнө акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө»

Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин Ысык-Ата өнүктүрүү фондунун долбоору боюнча Люксембург айыл аймагынын машыгуу аянтчасынын түзмөгүнө 130 000 (бир жүз отуз миң) сом акча каражаттарды бөлүп берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Машыгуу аянтчасынын түзмөгү” долбооруна макулдук берилсин.

2. Ысык-Ата районунун өнүктүрүү фондуна сметалык документтерге ылайык Люксембург айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 130 000 (бир жүз отуз миң) сом акча каражаты кошуу кепилдиги менен өтүнүч кат жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

Люксембург айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Шайлдабеков